# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 393-б (Автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 393-б (Автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 393-р
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217638>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17253/edition/978728/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217638.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 393-б (Автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу (18.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217638

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 18-октябры, № 393-б Автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү курууну жана реконструкциялоону өз убагында каржылоону камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча сметалык багыттоолорду 300 000 000,0 (үч жүз миллион) сомго көбөйтсүн жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине кошумча 300 000 000,0 (үч жүз миллион) сом бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
