Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 15-октябры № 388-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан билим берүү уюмдарынын илимий потенциалын натыйжалуу пайдалануу үчүн сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2019-2020-окуу жылында:
- ар бир калктуу конуштун социалдык-экономикалык абалын мүнөздоочү көрсөткүчтөрүн чогултуу жана зарылдыгына жараша локалдык бизнес-пландарды иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жана региондук мамлекеттик университеттеринин өз ара аракеттенүү иши боюнча тиешелүү уюштуруу-даярдык көрүү иш-чараларын өткөрсүн;
- аталган жумуштун аткаруучуларынын ишин координациялоону жана өз чечимдерин аткарууга квартал сайын мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин президиумуна калктуу конуштар жөнүндө санариптик маалыматтар массивин андан ары пайдалануу жана локалдык бизнес-пландарды ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз. Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте бир айлык мөөнөттө региондорду өнүктүрүүнүн өсүш түйүндөрүн аныктоо боюнча сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн тизмесин иштеп чыксын;
- калктуу конуштарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүн чогултуу жана локалдык бизнес-пландарын иштеп чыгуу процессинде жогорку окуу жайларынын кадрдык потенциалын пайдалануу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- зарыл болгон көрсөткүчтөрдү чогултууга региондук мамлекеттик университеттерге жана илимий уюмдарга көмөк көрсөтүшсүн;
- локалдык бизнес-пландарды иштеп чыгуучуларга аларды даярдоого жана каржылоо булактарын табууга колдоо көрсөтүшсүн.
5. Төмөнкүлөр:
- М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети методикалык борбор жана калктуу конуштар жөнүндө санариптик маалыматтар массивинин депозитарийи катары аныкталсын;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти ведомстволор аралык жумушчу топтун катчылыгы катары аныкталсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме Жергиликтүү өз алдынча башкаруу opгандары тарабынан билим берүү уюмдарынын илимий потенциалын натыйжалуу пайлалануу үчүн сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Омурбекова Алтынай Сейтбековна
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Жапаров Акылбек Усенбекович
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, иннновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кенештин президиумунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Исаков Каныбек Абдуваситович
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Баетов Батыркул Исаевич
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары -Илим департаментинин директору, жооптуу катчы;
Камчыбеков Толобек Кадыралиевич
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору;
Абдырахманов Толобек Абылович
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору;
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич
Ош мамлекеттик университетинин ректору;
Зулпуев Абдивап Момунович
Баткен мамлекеттик университетинин ректору;
Усенов Кенешбек Жумабекович
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору;
Абдылдаев Курманбек Кыянович
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору;
Сияев Таштанбек Монолдорович
С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору;
Упенов Айбек Шерипбекович
Талас мамлекеттик университетинин ректору;
Жеенбаев Бекмамат Мырзакматович
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы;
Алыбаев Автандил Шейшенбекович
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин региондорду өнүктүрүү маселелерин тейлөөчү орун басары;
Азимов Алмазбек Курбаналиевич
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин инвестициялык саясат маселелерин тейлөөчү орун басары;
Салиев Бахтияр Усманович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Саралаева Жанна Урматовна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Бакиров Жетиген Жокинович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Орозбеков Алымбек Асылбекович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Истамов Болотбек Сапарбекович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.01.2019 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон