# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 15-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 470-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 15-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 470-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 15-р
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217628>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17244/edition/1140651/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217628.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 15-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 470-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (22.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217628

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 22-январы № 15-б Кыргыз Республикасынын айрым министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде жана административдик ведомстволорунда болгон кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 470-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 531-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 218-б буйругу.

Премьер-министр

С.Дж.Исаков

Тиркеме Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлар резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

Түлөбердиев Ренат Темирбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Абакиров Элдар Курманбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Ахметова Нурсулу Меирбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Тешебаев Мурадин Жолдошович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

Сапаралиев Азис Айнабаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Керимкулов Канат Айдарбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

Үмөталиев Нурбек Сейдакматович

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын начальниги;

Асанканов Эрмек Асанканович

\-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин электр энергетика башкармалыгынын начальниги;

Садабаев Тулеген Дүйшеевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин отун ресурстары жана жылуулук менен жабдуу бөлүмүнүн башчысы;

Жакыбалиев Адилет Курманбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун чарбакер коомдор менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги;

Садакбаев Талант Үсөнкеевич

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Мусуралиев Нурлан Жолдошбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Рубанова Алла Владимировна

\-

Кыргыз Республикасынын бухгалтерлер жана аудиторлор палатасынын мүчөсү, Аудит жана методология департаментинин директору (макулдашуу боюнча);

Кошоев Бакытбек Бирликович

\-

"Корпоративдик башкаруу жана өнүктүрүү институту" коомдук фондунун кеңешчиси (макулдашуу боюнча);

Убышев Данияр Эркинбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Коомдук кеңештин төрагасынын орун басары, "KyrgyzBeton" жоопкерчилиги чектелген коомунун юристи (макулдашуу боюнча);

Суханов Чыңгыз Эркинович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы Коомдук кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча).
