Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин КР (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 25-февралы № 100 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин "Биримдик. Ишеним. Жаратаандык" программасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2019-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө салыктык кирешелерди башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү үчүн салыктык чаралардын концепциясын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин.
3. Мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун ишке тартылган жетекчилери ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусун жумушчу топтун иштөө мезгилинде негизги ишин аткаруудан бошотуу менен камсыз кылсын.
4. Жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз жана эл аралык эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле зарыл болгон материалдарды сурап алууга уруксат берилсин.
5. Жумушчу топтун мүчөсү ээлеген кызмат ордунан бошотулганына байланыштуу же башка себептер боюнча кеткен учурда, анын милдеттери ошол кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөт.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк корсөтүшсүн, зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды өз убагында беришсин.
7. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын кызматкерлери ушул буйруктун талаптарын тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
8. Ушул Республикасынын буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Жунусов Б.Т.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Жапаров А.Ү.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ведомстволор аралык жумушчу топтун тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кылжыев С. А.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кадыров Д.К
- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Асылкулов И.Э.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Торутаев А.Э.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кочкоров А.Т.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги;
Айдаралиев К.И.
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салыктык саясат башкармалыгынын начальниги;
Шамшиев Ш.Н.
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги;
Шеримбекова М.И
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин талдоо жана салыктык чараларды баалоо бөлүмүнүн башчысы;
Усубалиев М.А
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бажы саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Ысабеков К.А.
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Шаршенбай уулу Н.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык коопсуздук программаларын коштоо башкармалыгынын начальниги;
Темирбаев Н.Ю.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын салыктык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Топоев Н.Б
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын атайын салыктык режимдерди контролдоо башкармалыгынын бөлүм начальниги;
Ибраимова А.К.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кирешелер боюнча башкармалыгынын бөлүм начальниги;
Султанкулов Р.У.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктык текшерүүлөр башкармалыгынын бөлүм начальниги;
Мукаматов Т.М.
-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башкы адиси;
Пак В.В.
-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башкы адиси;
Осмоналиев Ч.М
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ички аудит башкармалыгынын башкы инспектору;
Шүкүров С.Ч
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды мониторингдөө, каттоо жана издөө башкармалыгынын башкы инспектору;
Турусбекова Г.Ч
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын башкы инспектору;
Ажекбаров А.К.
-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Дубанаев А.С.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктарды контролдоо башкармалыгынын улук инспектору;
Алманбетов А.А.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын атайын салыктык режимдер боюнча контролдоо башкармалыгынын инспектору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.01.2019 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 8-октябрындагы № 585 (2019-жылдын IV кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмеси бекитүү…Распоряжение · 08.10.2019 · № 585 · Күчүн жоготкон