# КР Президентинин 2019-жылдын 9-октябрындагы ПБ № 225 (Дайындоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2019-жылдын 9-октябрындагы ПБ № 225 (Дайындоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: РП № 225
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217617>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17233/edition/974122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217617.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2019-жылдын 9-октябрындагы ПБ № 225 (Дайындоо жөнүндө) буйругу (09.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217617

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2019-жылдын 9-октябры, ПБ № 225 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 79 "Банктарды жоюу боюнча агенттик жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Банктарды жоюу боюнча агенттик жөнүндө жобонун 13, 15-пункттарына ылайык:

1. Банктарды жоюу боюнча агенттиктин Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан беш жылдык мөөнөткө төмөнкүлөр дайындалсын:

- Беков Аскат Турдумаматович, стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн долбоордук өнүктүрүү секторунун башчысы;

- Жунусов Азамат Акматалиевич, соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн эксперти.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 81 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
