# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 265-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин көлөмүн көбөйтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 265-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин көлөмүн көбөйтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 265-р
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17230/edition/974064/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 265-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин көлөмүн көбөйтүү жөнүндө) буйругу (25.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217614

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-июлу, № 265-б «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 9-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетине өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун республикалык атайын эсептерин жабууда которулган каражаттардын калдыктарынын эсебинен 41 243 700 (кырк бир миллион эки жүз кырк үч миң жети жүз) сом суммасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин көлөмүн жана 36141 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (Бирдиктүү төлөочү)» бюджеттик сметасы боюнча чыгымдарын 41 243 700 (кырк бир миллион эки жүз кырк үч миң жети жүз) сом суммасына көбөйтсүн;

- Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын 2018-жылдын башталышына карата атайын эсептериндеги 165 732 500 миң (жүз алтымыш беш миллион жети жүз отуз эки миң беш жүз) сом суммасындагы каражаттардын калдыктарын тиркемеге ылайык бекитсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ушул оңдоо киргизүүлөрдү карасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептериндеги каражаттардын калдыктары (2018-жылдын 1-январына карата) (миң сом менен)

Функ-ционал-дык классифи-кациянын коду

Функционалдык классификациянын аталыштары

Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн каражаттар

Кошумча төлөө каражат-тары

Бардыгы

36141 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду - Бирдиктүү төлөөчү (ведомстволук саламаттык сактоо мекемелери)

70721

Жалпы профилдеги медициналык кызмат көрсөтүүлөр

26003,6

13 919,1

39922,7

70723

Стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөр

6773,9

6 773,9

70731

Жалпы профилдеги ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү

38647,1

28 516,6

67163,7

70732

Адистештирилген ооруканалардын кызмат көрсөтүүлөрү

18125,5

18363,1

36488,6

70733

Медициналык борборлордун, гинекологиялык ооруканалардын жана төрөт үйлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү

364,0

308,3

672,3

70735

Балдар үчүн ооруканалардын жана калыбына келтирүүчү борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү

9144,3

4845,8

13990,1

70741

Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциялары

21,3

21,3

70751

Саламаттык сактоо жаатындагы илимий изилдөөлөр жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулар

5,9

682,8

688,7

70761

Башка категорияларга кирбеген саламаттык сактоо маселелери

11,2

11,2

Бардыгы:

99 096,8

66 635,7

165 732,5
