# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 298-б (Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин төртүнчү кеңешмесин өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүү жана жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 298-б (Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин төртүнчү кеңешмесин өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүү жана жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 298-р
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217612>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17228/edition/974068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217612.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 298-б (Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин төртүнчү кеңешмесин өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүү жана жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу жөнүндө) буйругу (27.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217612

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 27-августу № 298-б Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин төртүнчү кеңешмесин өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүү жана жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу максатында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:

- ушул буйрукка тиркелген чыгашалардын сметасына ылайык ШКУга мүчө мамлекетгердин айыл чарба министрлеринин төртүнчү кеңешмесин өткөрүүгө байланышкан иш-чараларга 2018-жылдын учурдагы чыгымдарына каралган бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу жана пайдалануу жолу менен каражат тапсын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте 2018-жылдын чыгымдары боюнча сметалык багыттарына өзгөртүүлөрдү киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасы ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин төртүнчү кеңешмесинин делегацияларын транспорттук камсыздоого байланышкан маселелерди чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- ШКУга мучө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин төртүнчү кеңешмесинин делегацияларын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын патрулдук транспорту менен коштоону;

- делегация мүчөлөрүнүн коопсуздугун.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин төртүнчү

кеңешмесинин делегацияларын тез жардам машинасы менен коштоону жана күнү-түнү медициналык тейлөөнү камсыздасын.

6. Эл аралык «Манас» аэропорту ачык акционердик коомуна Министрлер кеңешмесинин делегацияларын расмий делегациялардын залында акысыз тейлөө сунушталсын.

7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме 2018-жылдын 6-7-сентябрында Бишкек шаарында ШКУга мучө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин төртүвчү кенешмесин өткөрүүгө байланыштуу иш-чаралардын чыгымдарынын сметасы

№

Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтуүлөрдүн аталыштары

сумма

1

Транспорт каражаттарыньш ижарасы

257646

2

Айыл чарба министрлеринин кеңешмеси үчүн конференц залынын ижарасы

25000

3

Котормо кызматтары үчүн төлем (англис, кытай тилдери)

354020

4

Айыл чарба министрлеринин төртүнчү кенешмесинин логотиби түпгүрүлген кеңсе товарлар

72000

5

Эксперттердин, делегация башчыларынын тамактануусу

140000

6

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнер жайы жана мелиорация министрлигинин атьшан ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин төртүнчү кенешмесинин катышуучуларынын урматына концерттик программа менен расмий кабыл алуу

202000

7

ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин кезектеги төртүнчү кенешмесинин катышуучулары үчүн маданий программа

101500

8

ШКУга мүчө мамлекетгердин айыл чарба министрлеринин кезектеги төртүнчү кенешмесинин катышуучуларына, эксперттерге эске кадарлык белектер

77000

9

ШКУга муче мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин тертүнчү кенешмесин уюштурууда жана өткөрүүдө кызматкерлердин жеке транспорту үчүн күйүүчү-майлоочу май

30000

10

Башка уюштуруу маселелери

23000

11

Күтүлбөгөн чыгымдар

20000

Бардыгы:

1302166
