# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 350-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 350-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 350-р
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17226/edition/974072/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217610.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы № 350-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (09.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217610

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 9-октябры № 350-б Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдар тарабынан Интернет тармагын пайдалануу үчүн абоненттик акы төлөөгө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кошумча 14 850 000 (он төрт миллион сегиз жүз элүү миң) сом бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо аталган финансы каражаттарын караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
