# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 332-б (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин миграция органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйырма учүнчү жыйынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу жөнундө макулдашууга катышкан мамлекеттердин Биргелешкен комиссиясынын жыйырма биринчи жыйынын өткөрүүну даярдоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнундө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 332-б (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин миграция органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйырма учүнчү жыйынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу жөнундө макулдашууга катышкан мамлекеттердин Биргелешкен комиссиясынын жыйырма биринчи жыйынын өткөрүүну даярдоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнундө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 332-р
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17225/edition/974074/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 332-б (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин миграция органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйырма учүнчү жыйынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу жөнундө макулдашууга катышкан мамлекеттердин Биргелешкен комиссиясынын жыйырма биринчи жыйынын өткөрүүну даярдоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнундө) буйругу (21.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217609

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 21-сентябры, № 332-б Кез карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин миграция органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин Биргелешкен комиссиясынын кезектеги жыйындарын өткөрүугө сапаттуу даярдануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 18-беренелерине ьшайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы:

- бир жумалык мөөнөттө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин миграция органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйырма учүнчү жыйынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу жөнундө макулдашууга катышкан мамлекеттердин Биргелешкен комиссиясынын жыйырма биринчи жыйынын өткөрүүну даярдоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын автотранспорт ишканасы" мамлекеттик мекемеси менен расмий делегацияларды тейлөө үчүн транспорттук кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин миграция органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйырма үчүнчү жыйынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекетгердин Биргелешкен комиссиясынын жыйырма биринчи жыйынын өткөрүү үчүн кошумча 833 250 (сегиз жүз отуз үч миң эки жүз элүү) сом суммасында каражат тапсын жана бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги делегацияларды атайын машиналар менен коштоп жүрүүнү камсыз кылсын.

4. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому делегацияларды расмий делегациялар залында белгиленген тартипте тейлесин (макулдашуу боюнча).

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
