# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-сентябрындагы № 328-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-сентябрындагы № 328-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 328-р
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17221/edition/974006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-сентябрындагы № 328-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (19.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217605

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 19-сентябры № 328-б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындага № 700 токтому менен бекитилген Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобонун 2-пунктуна. ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуучулук талаптардан четтөөнүн суммасынан алынган кирешенин эсебинен 1 572 426 (бир миллион беш жүз жетимиш эки миң төрт жүз жыйырма алты) сом суммасындагы акча каражатын мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган киреше түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга боджолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртуүлөрдү белгиленген тартипте караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда аталган финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
