Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Указ Президента КР от 22 января 2000 года УП №14 «О внесении изменений и дополнений в Указ Президента Кыргызской Республики «О некоторых организационных мерах по ускорению судебной реформы в Кыргызской Республике»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 июля 2012 года УП № 140 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-07-25.
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2000-жылдын 22-январы ПУ № 14 Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы № 75 "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндөгү" Указынын жана ошол Указ менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Комиссия жөнүндөгү Жобонун аталышында жана бүткүл текстиндеги "сот реформасы" деген сөздөр "сот-укук реформасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы № 75 "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндөгү" Указына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "соттордун" деген сөздөн кийин ", укук коргоо органдарынын" деген сөздөр кошулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот-укук реформасы боюнча комиссия жөнүндөгү Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кигизилсин:
- 4-пункттун экинчи абзацындагы "мамлекеттик органдар" деген сөздөр "укук коргоо органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттун бешинчи абзацындагы "сот системасы" деген сөздөр "сот жана укук коргоо системасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттун экинчи жана алтынчы абзацтарындагы "сот системасы" деген сөздөр "сот жана укук коргоо системасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы "соттордун" деген сөздөн кийин", укук коргоо органдарынын" деген сөздөр кошулсун;
- 5-пункттун алтынчы абзацындагы "сот түзүлүшү" деген сөздөр "сот жана укук коргоо системасынын түзүлүшү" деген сөздөр менен, "сот системасы" деген сөздөр "сот жана укук коргоо органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктта "сот иши" деген сөздөр "сот жана укук коргоо органдарынын иши" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктта "жана Кыргыз Республикасынын Сот департаменти" деген сөздөр алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот-укук реформасы боюнча Комиссиянын тиркелген курамы бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 17-сентябрындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Указынын 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 22-январындагы № 14 Указы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот-укук реформасы боюнча Комиссиянын курамы
Кожоналиев Кубатбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Азатович Жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасы; Укушов Мурат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Каниметович юридикалык бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Айтбаев Таштемир - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Сыдыгалиевич министри; Баекова Чолпон - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Турсуновна төрайымы; Бейшеналиева Нэля - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Николаевна төрайымы; Жанузаков Болот - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Чыныбаевич коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы; Дүйшеев Карыбек - Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин Арстанбекович директору; Курманов Ашырбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Такишович юридикалык бөлүмүнүн сот органдары секторунун башчысы; Кутуев Өмүрбек - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Алымбекович Нарымбаев Данияр - Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык Ильич сотунун төрагасы; Салиев Рахимберди - Бишкек шаардык сотунун төрагасы; Абдыкалыкович Сманов Койчуке - Кыргыз мамлекеттик улуттук университет нин юридика Дербишалиевич институтунун жазык укугу жана процесси кафедрасынын башчысы; Соодонбеков Салмоорбек - Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Сулайманович юридика институтунун директорунун орун басары; Тилебалиев Акынбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Казыбекович төрагасы; Чилдебаев Таштемир - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Абазович Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Шаршеналиев Асанбек - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; Эсенканов Качыке - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясынын башкармасынын төрагасы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Положение о Комиссии по судебно-правовой реформе при Президенте Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики от 16 марта 1998 года УП № 75)Положение · 16.03.1998
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.07.2012 · № 140
- Указ Президента КР от 16 марта 1998 года УП №75 "О некоторых организационных мерах по ускорению судебно-правовой реформы в Кыргызской Республике"Указ · 16.03.1998 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 17 сентября 1999 года УП №228 "О внесении изменений и дополнений в Указ Президента Кыргызской Республики "О некоторых организационных мерах по ускорению…Указ · 17.09.1999 · № 228 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.07.2012 · № 140
- Указ Президента КР от 16 марта 1998 года УП №75 "О некоторых организационных мерах по ускорению судебно-правовой реформы в Кыргызской Республике"Указ · 16.03.1998 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 17 сентября 1999 года УП №228 "О внесении изменений и дополнений в Указ Президента Кыргызской Республики "О некоторых организационных мерах по ускорению…Указ · 17.09.1999 · № 228 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон