# КР Премьер-министринин 2019-жылдын 11-февралындагы № 65 (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 11-февралындагы № 65 (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217596>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17212/edition/973876/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217596.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 11-февралындагы № 65 (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу (11.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217596

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 11-февралы № 65 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Б.Т. Джунусов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;

С.А. Кылжыев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Э.К. Турдалиев - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;

Д.Д. Догоев - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);

Ж.А. Ногойбаев - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;

К.Т. Шатемиров - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Р.Т. Токочев - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфосистема" мамлекеттик ишканасынын директору;

Н.Б. Топоев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын онлайн-ККМ бөлүмүнүн начальниги;

А.С. Дубанаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар бөлүмүнүн улук инспектору;

А.А. Алманбетов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын онлайн-ККМ боюнча контролдоо бөлүмүнүн инспектору;

С.И Мусуралиев - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын начальниги;

К.Т. Сааданбаев - "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун маалыматтык технологиялар боюнча директору (макулдашуу боюнча);

Ю.С. Саулина - «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун коммерциялык дирекциясынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча);

А.З. Султаналиев - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын санариптик жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча).

2. Жумушчу топ 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу үчүн төмөнкүлөр боюнча техникалык тапшырмалардын долбоорлорун иштеп чыксын:

- маалыматтык системаны түзүү жана товарлардын айрым түрлөрүн маркалоону киргизүү боюнча;

автоматташтырылган контролдоо пункттарын киргизүүнүн маалыматтык системасын түзүү боюнча;

- коомдук контролдоо механизмин киргизүү боюнча;

салыктык жол-жоболорду фискалдаштырууну киргизүүнүн алкагында накталай эмес төлөмдөрдүн маалыматтык системасын түзүү боюнча.

3. Тартылган мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери ушул буйруктун 1 -пунктунда көрсөтүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусун жумушчу топтун иштөө мезгилинде негизги ишин аткаруудан бошотуу менен камсыз кылсын.

4. Жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз жана эл аралык эксперттерди тартууга, ошондой эле ишке керектүү материалдарды суроого уруксат берилсин.

5. Жумушчу топтун мүчөсү ээлеген кызмат ордунан бошотулганына байланыштуу же башка себептер боюнча чыгып калган учурда, анын милдеттери ошол кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөт.

6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсетүшсүн, зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды өз убагында беришсин.

7. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жана тартылган мамлекеттик органдардын кызматкерлери ушул буйруктун талаптарын тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Б.Т. Джунусовго жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
