# КР Премьер-министринин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 561 (Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы учүн сыйлолор жана акча каражаттарды бөлуп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 561 (Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы учүн сыйлолор жана акча каражаттарды бөлуп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 561
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217594>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17210/edition/973872/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217594.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 561 (Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы учүн сыйлолор жана акча каражаттарды бөлуп берүү жөнүндө) буйругу (26.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217594

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 26-сентябры № 561 Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана 2019-жылы Непалдын Катманду шаарында эркектер арасында өткөн волейбол боюнча 5-Борбордук зоналык Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиктери үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобого ылайык:

1. Волейбол боюнча улуттук курама команданын төмөнкү мүчөлөрү 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө бир жолку акчалай сыйлыктар менен сыйланышсын:

- Нуралы уулу Маназбек;

- Мусаев Жамалидин Алимович;

- Жумабеков Азамат Абдыжапарович;

- Токтоев Нурмухаммед Осорбаевич;

- Газинур уулу Дамир;

- Эргеш уулу Медетбек;

- Абсатаров Кутманбек Курсанбекович;

- Идирисов Эмил Эркинович;

- Жунусов Омурбек Карыбекович;

- Шилов Роман Владимирович;

- Муса уулу Темир;

- Сарбагишев Кылычбек Карыпбекович.

2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйланышсын жана бир жолку акчалай сыйлыктар берилсин:

- 40 000 (кырк миң) сом өлчөмүндө- волейбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Анкудинов Андрей Владимирович;

- 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө - волейбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Каныбек уулу Оңолбек.

3. "Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы" коомдук бирикмеси 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө бир жолку берилүүчү акчалай сыйлык менен сыйлансын.

4. Волейбол боюнча эл аралык категориядагы калыс Кокчолоков Нургазы Нурудиновичке Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын.

5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына волейбол боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө жана "Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы" коомдук бирикмесине бир жолку берилүүчү акчалай сыйлыктарды төлөп берүү үчүн 400 000 (төрт жүз миң) сом болүнсүн

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
