# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 333-б (Бириктирүүчү жолдун долбоору, 1 жана 3-БАРЭК коридорлору боюнча расмий тилде жерди алып коюу жана көчүрүү планын көнүлгө алуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 333-б (Бириктирүүчү жолдун долбоору, 1 жана 3-БАРЭК коридорлору боюнча расмий тилде жерди алып коюу жана көчүрүү планын көнүлгө алуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 333-р
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217587>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17203/edition/973402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217587.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 333-б (Бириктирүүчү жолдун долбоору, 1 жана 3-БАРЭК коридорлору боюнча расмий тилде жерди алып коюу жана көчүрүү планын көнүлгө алуу жөнүндө) буйругу (10.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217587

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 10-сентябры № 333-б Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 29-апрелиндеги № 71 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, 1 жана 3-БАРЭК коридорлору) шарттарын аткаруу максатында:

1. Бириктирүүчү жолдун долбоору, 1 жана 3-БАРЭК коридорлору (мындан ары - Долбоор) боюнча расмий тилде тиркелген жерди алып коюу жана көчүрүү планы (мындан ары - План) көнүлгө алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Планга ылайык, мүлкү жана/же киреше булактары Долбоордун таасирине кабылган жактарга 13 448 376 (он үч миллион төрт жүз кырк сегиз миң үч жүз жетимиш алты) сом өлчөмүндө акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын:

1) жогоруда аталган Макулдашууда каралган гранттык каражаттардын алкагында - 11 719 440 (он бир миллион жети жүз он тогуз миң төрт жүз кырк) сом:

«Көчурүүгө чыгымдар» категориясынан 100 000 АКШ долларына барабар болгон 6 858 500 (алты миллион сегиз жүз элүү сегиз миң беш жүз) сом; «Бөлүштүрүлбөгөн каражаттар» категориясынан 70 874 АКШ долларына барабар болгон 4 860 940 (төрт миллион сегиз жүз алтымыш миң тогуз жүз кырк) сом;

2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин тийиштүү жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттарынын алкагында - 1 728 936 (бир миллион жети жүз жыйырма сегиз миң тогуз жүз отуз алты) сом.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Кочүрмөсүн ЮМ архивинде караңыз
