# КР Өкмөтүнүн 2019-жылпын 2-октябрындагы № 372-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылпын 2-октябрындагы № 372-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 372-р
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217577>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17193/edition/972934/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217577.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылпын 2-октябрындагы № 372-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (02.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217577

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылпын 2-октябры, № 372-б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык С.А.Курманкуловго медициналык кызмат көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардан 1 298 520 (бир миллион эки жүз токсон сегиз миң беш жүз жыйырма) сомду Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Курманкулов Самат Ажыгуловичти дарылоого байланыштуу чыгымдарды төлөө үчүн бөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга карата болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте караштырсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
