# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 362-б ("Дайры" координациялык маркетинг борбору" коомдук фондуна 5 (беш) жылдык мөөнөткө акысыз шартта убактылуу пайдаланууга имарат өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 362-б ("Дайры" координациялык маркетинг борбору" коомдук фондуна 5 (беш) жылдык мөөнөткө акысыз шартта убактылуу пайдаланууга имарат өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 362-р
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17182/edition/972690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 362-б ("Дайры" координациялык маркетинг борбору" коомдук фондуна 5 (беш) жылдык мөөнөткө акысыз шартта убактылуу пайдаланууга имарат өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу (26.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217566

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 26-сентябры № 362-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, 2008-жылдын 31-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүу банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2007-жылдын 31-майында кол коюлган "Кол өнөрчүлүк секторду өнүктүрүү жолу менен айылдык аялдардын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн жардам" долбоору (ЯЖАФтын № 9104 долбоору) боюнча Япониянын жакырчылыкты азайтуу фондунун (ЯЖАФ) гранты жөнүндө макулдашуу-каттын 5-пунктуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, "Дайры" координациялык маркетинг борбору" коомдук фондуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы "Дайры" координациялык маркетинг борбору" коомдук фондуна Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114 дарегинде жайгашкан имараттан аянты 165 кв. м болгон биринчи кабаттагы бөлмөнү жана аянты 33,1 кв. м болгон № 309 кабинетти коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана пайдалануу чыгымдарын төлөө менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө акысыз шартта убактылуу пайдаланууга өткөрүп берсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
