# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 364-б (Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 364-б (Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 364-р
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217564>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17180/edition/972686/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217564.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 364-б (Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө) буйругу (27.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217564

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 24-сентябры № 364-б Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрүнүн эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 2019-жылга 192 770,0 (бир жүз токсон эки миллион жети жүз жетимиш миң) сом суммасына көбөйтсүн;

- бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 2019-жылга 192 770,0 (бир жүз токсон эки миллион жети жүз жетимиш мин,) сом суммасында берилүүчү республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын өлчөмүн көбөйтсүн;

«Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын;

- ушул буйрукта каралган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин параметрлерин өзгөртүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
