# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23- сентябрындагы № 349-б («Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23- сентябрындагы № 349-б («Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 349-р
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17169/edition/972018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217553.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23- сентябрындагы № 349-б («Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (23.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217553

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 23- сентябры № 349-б «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесинин имаратынын жер төлөсүн капиталдык оңдоого жана реконструкциялоого кошумча каражат бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренслерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемесине клиникалык оорукананын имаратынын жер төлөсүн капиталдык оңдоого жана реконструкциялоого 13 194 400 (он үч миллион жүз токсон төрт миң төрт жүз) сом өлчөмүндө каражат бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик мекемеси ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
