# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 337-б (Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуулардын долбоорлорунун жактыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 337-б (Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуулардын долбоорлорунун жактыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 337-р
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17166/edition/972012/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 337-б (Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуулардын долбоорлорунун жактыруу жөнүндө) буйругу (12.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217550

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 12-сентябры № 337-б Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:

- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;

- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
