# КР 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 331-б "Биз XXI кылымдын интеллектуалдары" эл аралык конкурсун өткөрүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 331-б "Биз XXI кылымдын интеллектуалдары" эл аралык конкурсун өткөрүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 331-р
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217548>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17164/edition/971866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217548.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 331-б "Биз XXI кылымдын интеллектуалдары" эл аралык конкурсун өткөрүү жөнүндө) буйругу (21.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217548

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 21-сентябры № 331-б "Биз XXI кылымдын интеллектуалдары" эл аралык конкурсун жогорку деңгээлде өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын чыгымдарын 250 000 (эки жүз элүү миң) сомго азайтсын;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу ".Алтын түйүн" балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын чыгымдарын 250 000 (эки жүз элүү миң) сомго көбөйтсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун даярдоо учурунда ушул пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында аталган каражаттарды карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана билим. берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
