# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 260-б (Соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын санитардык турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 260-б (Соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын санитардык турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 260-р
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217542>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17158/edition/971854/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217542.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 260-б (Соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын санитардык турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жөнүндө) буйругу (23.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217542

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 23-июлу, № 260-б Соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын санитардык турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу. Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу тутумунун мекемелерине эмеректерди, инвентарларды жана башка жабдууларды сатып алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 8 132 000 (сегиз миллион бир жүз отуз эки миң) сом кошумча акча каражатын бөлсүн;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
