Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коому тарабынан «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбоорунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоо боюнча иштерге акы төлөө үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө маселени «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун тиешелүү башкаруу органдарынын кароосуна чыгаруу маселесин белгиленген тартипте иштеп чыгуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 17-июлу № 254-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-майындагы № 2408-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы 2221-VI токтому менен түзүлгөн 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитапиялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому тарабынан "Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоо боюнча иштерге акы төлөө үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө маселени "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун тиешелүү башкаруу органдарынын кароосуна чыгаруу маселесин белгиленген тартипте иштеп чыксын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте "Электр станциялар'" ачык акционердик коому үчүн тарифтерди белгилөөдө ушул буйруктун 1-пунктунда аталган акча каражатты караштырсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
К.А.Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-майындагы № 2408-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы № 2221-VI токтому менен түзүлгөн 2018-жылдын…Постановление · 17.05.2018 · № 2408-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.