# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 418-б (Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 418-б (Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 418-р
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217532>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17148/edition/971678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217532.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 418-б (Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу (23.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217532

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 23-ноябры № 418-б Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 12-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

- Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн, мурда брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данынан 60 тонна көлөмүндөгү биринчи сорттогу унду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына берсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 2019-жылга каралган каражаттын эсебинен ун тартылган азык-түлүк буудай данынын көлөмүнүн ордун он эки айдын ичинде толтурсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте Нарын облусундагы дайындалган жерине 60 тонна көлөмдөгү, биринчи сорттогу унду 2018-жылга министрлик үчүн каралган каражаттардын эсебинен жеткирүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына унду акысыз негизде даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
