# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 385-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 385-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 385-р
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217530>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17146/edition/971462/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217530.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 385-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (01.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217530

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 1-ноябры № 385-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2018-жылдарга карата «Ден соолук» улуттук программасын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасындагы Швейцария Элчилигинин, Немис Өнүктүрүү Банкынын жана Эл аралык өнүктурүү ассоциациясынын ортосундагы 2014-жылдын 28-январында кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, SWAp кеңири секторлуу мамилелер долбоорунун алкагындагы донордук коомдон келип түшкөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 390 000 000 (үч жүз токсон миллион) сом бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга карата республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
