Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28 - декабрындагы № 462-б (Бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 28 - декабры № 462-б Бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 223-б буйругуна ылайык Ч.Т.Айтматовдун эстелигин жасоого жана орнотууга кеткен чыгымдарды төлөгөндөн кийин үнөмдөлүп калган 19 700 000 (он тогуз миллион жети жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чындоого жана ремонт-реставрациялык жумуштарын жүргүзүүгө жумшасын, анын ичинен:
6 500 000 (алты миллион беш жүз миң) сом – Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жылуулук системасын капиталдык ремонттон өткөрүүгө; 6 200 000 (алты миллион эки жүз миң) сом – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын ысык аба менен жылытуу, желдетүү жана кондициялоо системасын жаңылоого; 3 000 000 (үч миллион) сом - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын башталган ремонт иштерин аягына чыгаруута; 4 000 000 (төрт миллион) сом - Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин имаратынын күнү-түнү иштөөчү кароол кызматы үчүн кредитордук карызын төлөөгө;
- бөлүнгөн каражатты натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 223-б (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Маданият…Распоряжение · 25.06.2018 · № 223-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон