# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23- июлундагы № 259-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин кошумча каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23- июлундагы № 259-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин кошумча каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 259-р
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217523>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17139/edition/971402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217523.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23- июлундагы № 259-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин кошумча каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу (23.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217523

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 23- июлу, № 259-б Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин кошумча каржылоону камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:,

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ички иштер органдарынын ишин камсыз кылууга жана жалпы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти коргоого 30 000 000 (отуз миллион) сом бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
