# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 277-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 277-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 277-р
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217522>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17138/edition/971392/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217522.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 277-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (07.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217522

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 7-августу, № 277-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын участокторунда инженердик курулмачарды жана тосмолорду тургузуу үчүн 2018-жылга республикалык бюджетте "Чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар" беренеси боюнча каралган каражаттын эсебинен 15 000 000 (он беш миллион) сомду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрунө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
