# КР Өкмөтүнун 2018-жылдын 7-августундагы № 279-б (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнун 2018-жылдын 7-августундагы № 279-б (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 279-р
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217521>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17137/edition/971390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217521.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнун 2018-жылдын 7-августундагы № 279-б (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (07.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217521

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 7-августу, № 279-б Калкка медициналык жардам керсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, эрте куракта балдардын оорусун төмөндөтүү жана өнүгүүсүндөгү бузулуусун табуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып:

жаңы төрөлгөн балдарга неонаталдык скрининг жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча 40 000 000 (кырк миллион) сомду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бөлүп берсин; «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык бөлүнүүчү каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
