# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 281-б (Мамлекеттик бюджетке салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 281-б (Мамлекеттик бюджетке салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 281-р
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17136/edition/971388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 281-б (Мамлекеттик бюджетке салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу жөнүндө) буйругу (07.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217520

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 7-августу № 281-б Мамлекеттик бюджетке салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 12-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Айыл Банк" ачык акционердик коомундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жабык эсебинде пайда болгон 9 500 000 (тогуз миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндөгү акциздик маркаларды сатып алуу наркы менен сатуу наркынын ортосундагы оң айырманын суммасын республикалык бюджеттин кирешесине которсун.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына компьютердик техникаларды сатып алууга 9 500 000 (тогуз миллион беш жүз миң) сом бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы финансылык каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын

4. Ушул буйруктун контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
