# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 289-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 289-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 289-р
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17135/edition/971386/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 289-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө) буйругу (22.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 22-августу № 289-б "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 2010-жылы чыгарылган, кузовунун № LNBRCFDA1AN312503, кыймылдаткычынын № XG491QME845460, кыймылдаткычынын көлөмү 2237 см3, мамлекеттик № 7520 ВВ, ак түстөгү "BJ 2024" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментине оперативдүү башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнуктүрүү департаменти ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
