# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 348-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 348-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 348-р
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17119/edition/970726/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 348-б (Акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (08.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217503

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 8-октябры, № 348-б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) кызматкерлерин буюмдук мүлктөр менен камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы), өздүк курамды буюмдук мүлк менен камсыздоого байланышкан чыгымдарды кошумча каржылоо үчүн 2 000,0 миң (эки миллион) сом бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
