# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 399-б (Акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 399-б (Акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 399-р
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17116/edition/970718/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 399-б (Акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (12.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217500

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 12-ноябры № 399-б "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны материалдык-техникалык жактан өз убагында камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборун жабдуу үчүн "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга каралган каражаттардын эсебинен 56 168 198 (элүү алты миллион бир жүз алтымыш сегиз миң бир жүз токсон сегиз) сом бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
