# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 357-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 98-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 357-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 98-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 357-р
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17114/edition/970402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 357-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 98-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу (15.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217498

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 15-октябры, № 357-б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 98-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен 2018-жылга республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 102 500,0 миң (бир жүз эки миллион беш жүз миң) сомго көбөйтсүн; "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.";

- 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "2 пайызын" деген цифра жана сөз "6 пайызын" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
