# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 331-б (Финансы каражатты бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 331-б (Финансы каражатты бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 331-р
- Кабыл алынган күнү: 06.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217485>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17101/edition/969840/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217485.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 331-б (Финансы каражатты бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (06.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217485

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 6-сентябры, № 331-б 2019-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында "Евразия жумалыгы" төртүнчү эл аралык көргөзмө форумуна өз учурунда даярдык көрүүнү жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине № 1 "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын имаратындагы залдардын ижарасы жана техникалык камсыздоо, ошондой эле Форумдун катышуучулары менен VIP-конокторун транспорт менен камсыздоо үчүн 2 539 150,0 (эки миллион беш жүз отуз тогуз миң жүз элүү) сом өлчөмүндө финансы каражатын бөлүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2019-2021-жылдарга болжолу" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздасын;

- белгиленген тартипте ушул буйруктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
