# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 325-б (Акча каражаттарды бөлуп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 325-б (Акча каражаттарды бөлуп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 325-р
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17096/edition/969542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 325-б (Акча каражаттарды бөлуп берүү жөнүндө) буйругу (05.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217480

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 5-сентябры № 325-б «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккан адамдар үчүн гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында гемодиализ боюнча кызмат көрсөтүү үчүн 2019-жылга 130 000 000 (жүз отуз миллион) сом суммасындагы финансы каражатын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бөлүп берсин;

2) «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган финансы каражатын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3.Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
