Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетинин көлөмүн көбөйтүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 29-августу № 320-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 9-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилгенге чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетинин көлөмүн атайын эсептердеги 309379995 (үч жүз тогуз миллион үч жүз жетимиш тогуз миң тогуз жүз токсон беш) сом суммасындагы каражаттардын калдыктарынын эсебинен (2019-жылдын 1-январына карата) тиркемеге ылайык көбөйтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда аталган түзөтүүлөрдү эске алсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги каражаттардын калдыктары (2019-жылдын 1-январына карата) (сом менен)
2 программа. Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматын көрсөтүү
суммасы
программанын коду: 362
өлчөмдүн коду
01
Шашылыш (тез) медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
35547,40
02
Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде базалык медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
46070888,99
06
Кошумча төлөм
9892259,48
07
Атайын каражат
72316273,23
бардыгы:
128314969,10
3 программа. Медициналык мекемелер тарабынан стационардык деңгээлде кызмат көрсөтүү
суммасы
программанын коду: 363
өлчөмдүн коду
01
Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стационардык жардамдын деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
82273789,50
02
Кургак учук менен күрөшүү боюнча медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
10174501,83
05
Адистештирилген психиатриялык жардамдын деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
3895195,09
06
Кошумча төлөм
49660862,70
07
Атайын каражат
35060676,80
бардыгы:
181065025,92
Жалпысы:
309379995,02
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндөЗакон · 23.01.2019 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 21.01.2020 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон