# КР 2019-жылдын 29-августундагы № 474 (Кыргыз Республикасынын делегациясын түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 29-августундагы № 474 (Кыргыз Республикасынын делегациясын түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 474
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17067/edition/968180/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 29-августундагы № 474 (Кыргыз Республикасынын делегациясын түзүү жөнүндө) буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217451

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 29-августу № 474 Жогорку деңгээлдеги жетишилген сүйлөшүүлөрдүн алкагында, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча, Кытай Эл Республикасынын Шэньян жана Пекин шаарларында 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып 6-сентябрына чейин өтө турган Кыргыз Республикасында салыктарды тескеп-башкарууну жакшыртууга, акчалай эмес жана санариптик төлөмдөрдүн санын көбөйтүүгө кытай тараптан техникалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы Кытай Эл Республикасынын Шэньян жана Пекин шаарларына 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып 6-сентябрына чейин жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме

Кытай Эл Республикасынын Шэньян жана Пекин шаарларында 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып 6-сентябрына чейин кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Джунусов Болот Тологонович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, делегациянын башчысы;

Турдалиев Эдуард Климович(\*)

\-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кеңешчиси;

Тюменбаев Баккельди Рахимович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Дубанаев Адилет Садырбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;

Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Самыйбеков Улукбек Сатарбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Шатемиров Кубаныч Таалайбекович

\-

Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын начальниги;

Джумабеков Нурлан Кадыржанович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктарды тескеп-башкаруу башкармалыгынын кыйыр салыктар бөлүмүнүн начальниги;

Юсупов Улукбек Турсунович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесинин директору;

Султаналиев Айбек Зарлыкович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын санариптик жана финансылык технологиялар бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);

Джаркимбаев Азамат Бейшенович

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери.

(\*) Эскертүү: командировкалык чыгымдарды төлөө эл аралык донорлордун эсебинен.
