# КР Премьер-министринин 2019-жылдын 30-июлундагы № 393 (Акча каражатарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 30-июлундагы № 393 (Акча каражатарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 393
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17061/edition/968192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2019-жылдын 30-июлундагы № 393 (Акча каражатарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (30.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217445

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 30-июлу № 393 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2019-жылдын 31-январындагы № 33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобого ылайык:

М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын 80 жылдык мааракесине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
