# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 315-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 315-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 315-р
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217436>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17052/edition/966784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217436.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 315-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө) буйругу (22.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217436

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 22-августу № 315-б Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 2012-жылы чыккан, кузовунун № JN8FY15Y0CX590921, кыймылдаткычтын көлөмү 4200 см3 ак түстөгү «NISSAN PATROL» маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирге ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине белгиленген тартипте кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга кабыл алсын жана бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
