# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-августундагы № 292-б (Комиссия түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-августундагы № 292-б (Комиссия түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 292-р
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17046/edition/988488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-августундагы № 292-б (Комиссия түзүү жөнүндө) буйругу (05.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217430

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 5-августу № 292-б Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун «а» пунктчасын аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекцияларынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине объекттерди, документтерди, материалдык-техникалык баалуулуктарды жана мүлктү инвентаризациялоо жана кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Комиссияга төмөнкүдөй укуктар берилсин:

1) белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу;

2) жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик бийлик органдарынан, башка уюмдардан суратууга жана алууга.

3. Комиссияга төмөнкүлөр жүктөлсүн:

1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекциялары ээлеген имараттарды, жайларды жана анын документтерин материалдык-техникалык баалуулуктарын жана мүлкүн инвентаризациялоо жана кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча практикалык ишти уюштуруу;

2) мүлктү инвентаризациялоо жана кабыл алуу-өткөрүп актысын түзүү.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 3-пунктунда аталган имараттарды, жайларды жана мүлктү кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыздасын.

5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссиянын актыларында көрсөтүлгөн объекттерди жана мүлктү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан өткөрүп алсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте өткөрүлүп берилүүчү кыймылсыз мүлктү каттоого алсын.

7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекцияларынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине объекттерди, документтерди, материалдык-техникалык баалуулуктарды жана мүлктү инвентаризациялоо жана кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссиянын курамы

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары -комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун торагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын торагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин финансылык жана уюштуруу-техникалык камсыздоо башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктарынын начальниктери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык аткаруу инспекцияларынын башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы финансылык-чарба башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын байланышты, автоматташтырууну уюштуруу жана маалыматтык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын начальниги.
