Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Көргөзмөнү өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 20-августу № 303-б Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын алкагындагы макулдашууларды ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2019-жылдын 6-9-сентябрында Ош шаарында "Ош-Таатан" соода борборунун аймагында "Гуандун провинциясынын товарларынын Борбор Азиядагы көргөзмөсү" аттуу көргөзмө-жарманкеси өткөрүлсүн.
2. Көргөзмөнү өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети бир апталык мөөнөттө Көргөзмөнү уюштуруу боюнча Иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана "LF" инвестициялык компания" (макулдашуу боюнча) жоопкерчилиги чектелген коому Көргөзмөнү өз убагында даярдоо жана өткөрүү боюнча жооптуу болуп аныкталышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги, "LF" инвестициялык компания" жоопкерчилиги чектелген коому (макулдашуу боюнча):
- курулуш жана өнөр жай материалдарын, металл буюмдарды жана тиричилик техникасын ата мекендик, чет өлкөлүк алып келүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр менен бирдикте Көргөзмөнүн ишин уюштурушсун;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен чет өлкөлүк курулуш жана өнөр жай продукцияларын, металл буюмдарды жана тиричилик техникасын жасоочу ишканаларга чакыруу каттарын жиберишсин;
- көргөзмөгө катышуучу уюмдардын тизмесин түзүшсүн, экспоненттерди каттоого алышсын, өздөрүнүн продукциясын көргөзүшү үчүн аларды "Ош-Таатан" соода борборунун аймагында жайгаштыруучу орундарды аныкташсын, көргөзмөнүн баасынын калькуляциясын түзүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасына Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинин сыртынан келген техникага, машиналарга жана жабдууларга бажылык операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылсын, Көргөзмө өткөрүү үчүн бөлүнгөн аянтта бажылык контроль үчүн убактылуу зонаны түзсүн.
7. Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) соода аянтын уюштурууга көмөк көргөзсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Көргөзмөнүн коопсуздугун жана аймагын коргоону камсыздашсын, катышуучулардын арыздары боюнча алар алып келүүчү товарларды Көргөзмө өткөрүлүүчү жерге чейин коштоп барууга көмөк көрсөтүшсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Көргөзмөнүн катышуучуларынын экологиялык жана техникалык коопсуздуктун баардык ченемдеринен өтүүсүн жана сактоосун камсыздасын.
10. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме
"Гуандун провинциясынын товарларынын Борбор Азиядагы көргөзмөсү" көргөзмө-жарманкесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон