# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 308-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштыруу жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 308-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштыруу жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 308-р
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17041/edition/1001868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 308-б (Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштыруу жөнүндө) токтому (18.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217415

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 22-августу № 308-б Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы "Чек арасыз дарыгерлер - Швейцария" эл аралык гуманитардык уюмунун арызынын негизинде Тойота-Лэндкрузер маркасындагы, 2005-жылы чыккан, ак түстөгү, кыймылдаткычынын номери 1НZ0528033, кузовунун номери JТЕRВ71J100035756, Тойота-Лэндкрузер маркасындагы, 2009-жылы чыккан, ак түстөгү, кыймылдаткычынын номери 1НZ0621970, кузовунун номери JТЕRВ71J800053123 автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке өткөрүп алсын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
