Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоо жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 31-январы, № 9-б 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жана "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81 жана 82-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги: -2019-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберсин;
- 2019-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2020-2022-жылдарга салыктык жана бажылык саясаттын багыттары жөнүндө техникалык катты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) боюнча, жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым боюнча жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым боюнча түшүүлөрдүн болжолун 2019-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2020-2022-жылдарга салыктардын жана салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүлөрүнүн негизделген болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2019-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакетине дивиденддердин түшүүлөрүнөн, чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча мамлекеттик ишканалардын пайдасынан, мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн, ошондой эле 2020-2022-жылдарга мамлекеттик менчикте турган жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү төлөмдөрүнөн кирешелердин болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2019-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду консолидацияланган бюджетти түзүү үчүн 2020-2022-жылдарга каражат түшүүлөрдүн жана чыгымдардын болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2019-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө берсин.
6. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн 2020-2022-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбооруна бюджеттик чыгымдардын сектордук стратегияларын (мындан ары - БЧСС) берген министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
- 2019-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө коомдук угууларды өткөрүүнүн орду жана убактысы жөнүндө билдирүү менен ведомстволук расмий веб-сайтка БЧСС долбоорун жарыялашсын, коргоо маселелерин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кошпогондо;
- 2019-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катьшгуусу менен сектордук стратегиялардын коомдук талкуусун өткөрүшсүн, коргоо маселелерин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кошпогондо;
- 2019-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 токтому менен бекитилген тийиштүү багыттар боюнча Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык 2020-2022-жылдарга БЧСС долбоору боюнча документтердин пакетин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана республикалык бюджеттен каржылануучу Кыргыз Республикасынын башка бюджеттик уюмдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү беришсин:
- 2019-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алуу менен пландалган чыгымдарды, 2020-2022-жылдарга атайын эсептерге топтоштурулган каражаттар боюнча болжолду тийиштүү эсептөөлөрү жана негиздемелери менен;
- 2019-жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө 2020-2022-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча берилген контролдук цифраларга ылайык:
2020-2022-жылдарга бюджеттик мекемелердин тармактары, штаттары жана контингенттери боюнча болжолдуу көрсеткүчтөрдү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 токтому менен бекитилген Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык 2020-2022-жылдарга программалык негиздеги бюджеттердин долбоорлорун; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынак бекитилген сунуштамаларга жана сметалардын формаларына ылайык, программалык негиздеги зарыл болгон эсептөөлөр жана негиздемелер менен мамлекеттик тармактык өнүктүрүү программаларына негизделген 2020-2022-жылдарга атайын эсептерге топтоштурулган каражаттар боюнча кирешелер менен чыгымдардын сметаларынын, бюджеттик каражаттардын чыгымдарынын жыйынды сметаларынын долбоорлорун беришсин.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетине которулууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан түшүүчү суммалардын болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2019-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө берүү сунушталсын.
9. 2020-2022-жылдарга бюджеттик чыгымдардын сектордук стратегиясын берүүчү мамлекеттик органдардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2019-жылдын 26-апрелине чейинки мөөнөттө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик ведомстволорго 2020-2022-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча контролдук цифралардын долбоорлорун билдирсин;
- 2019-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволордун өкүлдөрү менен контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктер боюнча жумушчу кеңешмелерди өткөрсүн;
- 2019-жылдын 20-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Өкмөттүн кеңешинде кароо үчүн 2020-2022-жылдарга министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор үчүн чыгымдар боюнча жалпы контролдук цифраларды камтуучу "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын" долбоорун иштеп чыксын;
- 2019-жылдын 5-июнуна чейинки мөөнөттө министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор менен контролдук цифраларга тиешелүү пикир келишпестиктерди кароонун жыйьштыгы боюнча 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун даярдасын жана берсин;
- 2019-жылдын 5-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрсүн;
- 2019-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жуктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме 2020-2022-жылдарга бюджеттик чыгымдардын секторалдык стратегияларын берүучү Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын тизмеси
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
10. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
11. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети
12. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
13. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
19. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 23.12.2019 · № 143
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 854 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 9-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө"" буйрукуРаспоряжение · 17.01.2020 · № 9-р · Күчүн жоготкон