Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Корул айылдык кеңешинин «Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургундары Токтобаев Жумабай, Акжигитова Максаткан, Жороев Замирбек, Чамашов Бектемир, Токтошова Разия, Усенбеков Муктар, Бакаев Аттокур жана Тогуз-Булак айылынын тургуну Төөбаев Эсеке жер көчкүдөн жабыркагандыктарына байланыштуу, жаңыдан турак-жай салуу үчүн Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасынан багыты өзгөртүлгөн 46 гектар жер аянтынан жер тилкесин чектеп берүүнү сурануу жөнүндө» токтому
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму
2019-жылдын 29-апрели №29/6 Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургундары Токтобаев Жумабай, Акжигитова Максаткан, Жороев Замирбек, Чамашов Бектемир, Токтошова Разия, Усенбеков Муктар, Бакаев Аттокур жана Тогуз-Булак айылынын тургуну Төөбаев Эсеке жер көчкүдөн жабыркагандыктарына байланыштуу, жаңыдан турак-жай салуу үчүн Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасынан багыты өзгөртүлгөн 46 гектар жер аянтынан жер тилкесин чектеп берүүнү сурануу жөнүндө Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургундары Токтобаев Жумабай, Акжигитова Максаткан, Жороев Замирбек, Чамашов Бектемир, Токтошова Разия, Усенбеков Муктар, Бакаев Аттокур жана Тогуз-Булак айылынын тургуну Төөбаев Эсеке жер көчкүдөн жабыркагандыктарына байланыштуу, жаңыдан турак-жай салуу үчүн Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасынан багыты өзгөртүлгөн 46 гектар жер аянтынан жер тилкесин чектеп берүүнү сурануу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургундары Токтобаев Жумабай, Акжигитова Максаткан, Жороев Замирбек, Чамашов Бектемир, Токтошова Разия, Усенбеков Муктар, Бакаев Аттокур жана Тогуз-Булак айылынын тургуну Төөбаев Эсеке жер көчкүдөн жабыркагандыктарына байланыштуу, башка айыл өкмөтүнөн жер тилкесин бөлүп берүү үчүн төмөнкү токтомдордун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи вице-премьер министринин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (тизме боюнча)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы №35 токтомунун;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-апрелиндеги №289 токтомунун 3-пункту;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарынын 2018-жылдын 11-декабрыныны №11-50-98, Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине жиберилген катынын негизинде. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи вице-премьер министри К.А.Бороновдун 2018-жылдын 23-ноябрындагы Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча протоколдук тапшырмасынын 4-пункту;
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин адистиги тарабынан берилген АКТнын негизинде.
2. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургундары Токтобаев Жумабай, Акжигитова Максаткан, Жороев Замирбек, Чамашов Бектемир, Токтошова Разия, Усенбеков Муктар, Бакаев Аттокур жана Тогуз-Булак айылынын тургуну Төөбаев Эсеке жер көчкүдөн жабыркагандыктарына байланыштуу, жаңыдан турак-жай салуу үчүн Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасынан багыты өзгөртүлгөн 46 гектар жер аянтынан жер тилкесин чектеп берүү жагы, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдон суралсын.
3. Токтомдун негизинде тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү, Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
Төрага
Т. Маназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 "Запастагы жерлерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 31.01.2019 · № 35
- Постановление Правительства КР от 23 апреля 2004 года № 289 "О мерах по предупреждению и ликвидации последствий стихийных бедствий на территории Кыргызской Республики в свете…Постановление · 23.04.2004 · № 289 · Күчүн жоготкон