# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 244-б (Финансылык каражатты бөлүштүрүүнү бекитүү жөнүндө)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 244-б (Финансылык каражатты бөлүштүрүүнү бекитүү жөнүндө)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 244-р
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17008/edition/995621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 244-б (Финансылык каражатты бөлүштүрүүнү бекитүү жөнүндө) (02.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217332

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 2-июлу № 244-б Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациянын концепциясынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Санарип экономикага 2019-жылга карата 309 257 245 (үч жүз тогуз миллион эки жүз элүү жети миң эки жүз кырк беш) сом өлчөмүндөгү финансылык каражатты бөлүштүрүү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын;

- ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн иш-чараларды программалык классификацияга белгиленген тартипте киргизсин;

- ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор ушул буйрукка ылайык бөлүнгөн финансылык каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылышсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Санарип экономикага 2019-жылга карата 309 257 245 (үч жүз тогуз миллион эки жүз элүү жети миң эки жүз кырк беш) сом өлчөмүндөгү финансылык каражатын бөлүштүрүү

№

Долбоордун/иш-чаранын аталышы

Каржылоонун суммасы (сом)

Финансы каражатын алуучу

1

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйү үчүн видео-конференц-байланыш системасын сатып алуу

4 200 000

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы

2

Улуттук мониторинг системасынын ишин камсыз кылуу үчүн жабдууну сатып алуу

1 500 000

3

«Шайкештигин баалоо боюнча органдардын улуттук реестрлерин жүргүзүү» маалыматтык системасын түзүү

1 575 000

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

4

«Техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар» маалыматтык системасын түзүү

1 540 000

5

«Стандартташтыруу жана метрология борбору» маалыматтык системасын түзүү

900 000

6

2019-2020-жылдарга виртуалдык серверлерин ижаралоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

744 000

7

Банкроттуулук жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү реестри үчүн маалыматтык системаны түзүү (банкрот болгон карызкорлордун маалыматтык базалары)

500 000

8

«Электрондук нотариат» маалыматтык системасын

7 352 574

Кыргыз Республикасынын

ишке киргизүү үчүн иш техникасын жана сервердик жабдуу сатып алуу

Юстиция министрлиги

9

«Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошулуу менен психикалык жана наркологиялык жактан жабыркаган оорулуулардын реестрлери

6 130 000

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

10

«Амбулатордук электрондук медициналык карта» маалыматтык системасын түзүү жана бейтаптар үчүн Бишкек шаарында электрондук портал түзүп, аны ишке киргизүү, иш техникасын сатып алуу

17 453 414

11

Негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөрдүн жана орто (толук) жалпы билими жөнүндө аттестаттардын маалыматтык базасын түзүү

300 000

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

12

«Жалпы билим берүу уюмдарына электрондук жазылуу» маалыматтык системасын түзүү

480 000

13

«Кыргызстандын ачык электрондук китепканасы» (lib.kg) системасын модернизациялоо

250 000

14

Электрондук окуу китептердин стандарттарын иштеп чыгуу

200 000

15

«ЭЛЕК» маалыматтык системасын «АРГУС ФИТО» (Евразия экономикалык бирлиги) менен интеграциялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

1 625 000

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

16

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия берүү боюнча иш техникасын сатып алуу

200 000

17

Ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоют жана тоютка кошулмалардын маалыматтык базасын түзүү

172 000

18

«Аgroprod.gov.kg» порталына маалыматтардын алмашуу модулун маалыматтык система менен түзүү

100 000

19

«Электрондук транспорттук контроль» маалыматтык системасын Евразия экономикалык бирлигинин маалыматтык системасы менен интеграциялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

5 300 000

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги

20

Турмуштук кыйын кырдаалда турган балдардын маалымат базасын түзүү

2 092 800

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

21

Аймактык, шаардык жана райондук финансылык эсеп жана отчеттуулук бөлүмдөрүн автоматташтыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу (1С-Бухгалтерия)

16 597 100

22

Социалдык жардам корпоративдик маалыматтык системасын техникалык коштоону өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

3 000 000

23

«Эмгек рыногу» маалыматтык системасын түзүү

1 000 000

24

Автоматташтырылган маалыматтык-башкаруу системасы үчүн иш техникасын сатып алуу

2 000 000

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

25

Автоматташтырылган маалыматтык-башкаруу системасы үчүн адаптерлерди сатып алуу

1 000 000

26

«Маданият, маалымат жана туризм» маалыматтык системасын түзүү жана иш

4 000 000

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана

техникасын, сервердик жабдууну сатып алуу

туризм министрлиги

27

«Ардагер» маалыматтык системасын түзүү жана сервердик жабдууну сатып алуу

10 000 000

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети

28

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн «Дактилоскопиялык эсепке алуу» маалыматтык системасын түзүү

5 000 000

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети

29

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн «Куралдардын реестри» маалыматтык системасын түзүү

4 000 000

30

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги учүн «Ыкчам-изилдөөнү эсепке алуу жана таануу» маалыматтык системасын түзүү

4 000 000

31

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» маалыматтык системасы менен интеграциялоону камсыз кылуу максатында «Издөө» маалыматтык системасы үчүн модуль түзүү

300 000

32

«Жалпы билим берүү уюмдарына электрондук кезекке туруу» системасы (милдеттенмелерди аткаруу)

5 400 000

33

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн Бирдиктүү жана коопсуз жетүү түйүндөрүн түзүү үчүн сервердик жабдуу сатып алуу

22 000 000

34

Маалыматтык киоскалар (жабдууну орнотуу)

2 126 400

35

Муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин түзүү укугуна акукцион өткөрүү үчүн «Электрондук соода аянтчасы» маалыматтык системасын түзүү

4 114 567

36

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги үчүн «Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги» маалыматтык системасын түзүү

3 400 000

37

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги үчүн «Отун-энергетика комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүнө лицензиялардын реестри» маалыматтык системасын түзүү

1 540 000

38

«Шаар куруу документтеринин мамлекеттик экспертизасы» маалыматтык системасын түзүү жана иш техникасын сатып алуу

18 130 382

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

39

«Курулуштагы лицензиялоо жана квалификациялык сертификаттар» маалыматтык системасын түзүү

10 000 000

40

Улуттук мониторинг системасы үчүн «Контролдук-өткөрмө пункттарындагы видео байкоо» маалыматтык системасын түзүү

3 380 000

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы

41

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы үчүн «Шайлоочунун кабинети» маалыматтык системасын түзүү

1 005 840

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы

42

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы үчүн «Электрондук кандидат» маалыматтык системасын түзүү

502 920

43

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үчүн «Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктөрдү берүү жана каттоо» маалыматтык системасын түзуү

3 000 000

44

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги үчүн «Санарип аймак» маалыматтык системасын түзүү

10 000 000

45

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги үчүн «Тренердик-окутуу иши менен алектенген адамдардын реестри» маалыматтык системасын түзүү

2 016 000

46

Документтерди санариптештирүү борборун түзүү (имаратты жана айланасын капиталдык оңдоп-түзөө)

29 166 000

47

Маалыматтык киоскалар (пилоттук долбоорду аяктоо үчүн)

16 000 000

48

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарындагы электрондук документ жүгүртүү системасы

7 000 000

49

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

6 874 000

Мамлекеттик миграция кызматы «Ички жана тышкы эмгек миграциясын эсепке алуу» маалыматтык системасын түзүү

50

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы үчүн «Е-Кызмат» тестирлөө системасы

2 000 000

51

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы үчун «Е-Кызмат» штаттык расписание системасы («Казына» автоматташтырылган маалыматтык системасын интеграциялоо)

1 433 473

52

Салык жол-жоболорун электрондук фискалдаштыруу

30 000 000

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы

53

«Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасы интеграцияланган «Камалгандардын борбордук маалыматтык базасы» маалыматтык системасын түзүү

2 500 000

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

54

«Камалгандардын борбордук маалыматтык маалыматтык базасы» системасын түзүү

2 000 000

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

55

Локалдык жана сервердик жабдууну техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

413 000

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

56

Сурак жүргүзүү үчүн видео-конференц-байланыш системасын сатып алуу

15 728 000

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

57

«Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара

300 000

Кыргыз Республикасынын

аракеттенүү системасына туташтыруу үчүн сервердик жабдууну сатып алуу

Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы

58

«Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы үчүн сервердик жабдууну сатып алуу

191 212

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы

59

«Санкциялык тизмек», «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого катыштыгы бар жактардын реестри», «Юридикалык жактардын бенефициардык ээлери», «Улуттук эл алдындагы кызмат адамдары» маалыматтык системасын түзүү

300 000

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо Мамлекеттик кызматы

60

«Мамлекеттик мүлк бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасын «Кадастр» автоматташтырылган маалыматтык системасы менен интеграциялоо

190 763

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду

61

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун маалыматтык системасы үчүн сервердик жабдууну сатып алуу

1 467 800

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду

62

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маалыматтык системасын түзүү

3 565 000

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы
