Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 15-марты, № 56-б 2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо" жөнүндө Кредиттик макулдашуунун алкагында Токмок шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик зайымдык каражаттардын кайтарылышын камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 213-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- үчүнчү абзацындагы «2,5» деген цифралар «1,0» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 23-майында жана 23-ноябрында бирдей бөлүктөр менен төлөнөт, мында кредит биринчи жолу кредиттин суммасы өздөштүрүлгөн күндөн тартып төлөнөт жана кредитти төлөөнүн акыркы датасы - 2029-жылдын 23-ноябры;»;
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 пайыз өлчөмүндөгү комиссия Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет, мында кредит өздөштүрүлгөн датадан тартып 60 күндөн кийин төлөнөт;».
2. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жиберилсин.
3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылгандан кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 213-б " Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Токмок шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү…Распоряжение · 17.05.2016 · № 213-б
- КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2020-жылдын 17-июнундагы N 3895-VI "Суу менен жаб- дуу жана канализация тутумун реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кара-Балта…Постановление · 17.06.2020 · № 3895-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3873-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2020 · № 3873-VI
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 213-б " Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Токмок шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү…Распоряжение · 17.05.2016 · № 213-б
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон