# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 269-б (Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишиминин расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 269-б (Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишиминин расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 269-р
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17000/edition/961712/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 269-б (Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишиминин расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу (18.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217324

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 18-июлу № 269-б

1. Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишиминин расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен кызматташуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 193-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 516-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 336-б буйругу.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
