Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 17-июлу № 267-б
1. 2013-жылдын 19-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алыбаев Автандил Шейшенбековичке жогоруда аталган Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан парафирлөөгө ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Долбоор
2013-жылдын 19-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга КОШУМЧА МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Кыргыз Өкмөтү" деп аталган) жана Корея Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Корея Өкмөтү" деп аталган) (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу), Кайтарымсыз жардам көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасын туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө жана жакырчылыкты кыскартууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары бекемдөөгө умтулуп, 2013-жылдын 19-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга (мындан ары "Алкактык макулдашуу") ылайык, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Максаты Ушул Кошумча макулдашуунун максаты кайтарымсыз жардамдын программаларын (мындан ары - "Программалар") ишке ашыруу аркылуу эки өлкөнүн ортосунда өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. 2-берене. Артыкчылыктар жана иммунитеттер Кыргыз Өкмөтү KOICA Өкүлчүлүгүнө, жиберилген персоналга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүдөй артыкчылыктарды жана иммунитеттерди сунуштайт:
2.1. KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү
2.1.1. KOICA Өкүлчүлүгүнүн ишин ишке ашыруу жана Программаларды ишке ашыруу үчүн сырттан импорттолгондугуна же Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынгандыгына карабастан, товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата Кыргыз Өкмөтү:
(а) ата-мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түз жеткирүүсү үчүн кошумча наркка салыктан бошотот; (б) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түз ташып келүүнү бажы алымдарын, салык жыйымдарын кошкондо салыктардан, ошондой эле валюталык чыгымдар боюнча тобокелдиктерди камсыздандырууга сертификатты жана импортко лицензияны сатып алуу талабынан бошотот; (в) ташып келинген товарларга карата бажы операцияларын биринчи кезекте жүргүзүүгө көмөктөшөт.
2.1.2. Кыргыз Өкмөтү KOICA Өкүлчүлүгү иштеп жаткандыгына жана Программалар ишке ашырылып жаткандыгына байланыштуу эл аралык акчалай которуулар жана/же акча каражаттарын которуу үчүн салыктардан же ушуга окшош төлөмдөрдөн KOICA Өкүлчүлүгүн бошотот.
2.1.3. Программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, KOICA каражаттарына сатып алынган жабдуулар, техникалар жана материалдар Алкактык макулдашуунун 7-беренеси менен жөнгө салынат.
2.2. KOICAнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жана кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (мындан ары "Өкүлдөрү жана кызматкерлери")
2.2.1. Кыргыз Өкмөтү:
(а) Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана туруктуу жашоочуларынан башка, Өкүлдөрдү жана кызматкерлерди киреше салыгын кошкондо салыктардан жана өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн аларга чет мамлекеттен которула турган айлык акыга же суткалыкка салынуучу, же алар менен байланышкан ошол сыяктуу салык жыйымдарынан бошотот; (б) Өкүлдөрдү жана кызматкерлерди консулдук жыйымдардан, салыктардан, бажы алымдарынан жана жыйымдарынан, ошондой эле импортко лицензияны жана төмөнкүлөрдү ташып келүүгө карата валюталык чыгымдар боюнча тобокелдиктерди камсыздандырууга сертификаттарды сатып алуу милдетинен бошотот: (i) бардык эл аралык ташууларга карата эл аралык ташуучу аркылуу кол жүктү жана/ же багажды; (ii) жеке пайдалануу, тиричилик буюмдарын жана керектөө товарларын; (iii) Кыргыз Республикасына 180 күндөн ашык мөөнөткө жиберилген Өкүлгө жана кызматкерге бир транспорттук каражатты, транспорттук каражат чет өлкөдөн ташылып келгенде; (в) Кыргыз Республикасына эч бир транспорт каражатын импорттобогон, 6 же андан көп айды түзгөн мезгилде жиберилген Өкүлдөрдү жана кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын аймагына алгач келгенден кийин 6 айдын ичинде экспертке бир транспорттук каражатты жеринде сатып алууга карата кошумча нарк салыгынан жана салыктык жыйымдардан бошотот; (г) Өкүлдөрдү жана кызматкерлерди (б) (iii) жана (в) пунктчаларында белгиленген транспорт каражаттарын каттоо акысынан бошотот; (д) жогоруда аталган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык визаны тариздөө жана берүү, анын жарактуулук мөөнөтүн узартуу, жашап туруу укугун алуу жана каттоо жол-жобосу үчүн мамлекеттик алымдарды жана/же консулдук жыйымдарды төлөөдөн, иштөөгө уруксат алуу талаптарынан бошотот.
2.2.2. Кыргыз Өкмөтү атайын эл аралык артыкчылыктар жана иммунитеттер менен статусту берүү жана өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык мамлекеттик уюмдар менен кызматташтыкты камсыз кылуу, ошондой эле жиберилген персоналды кабыл алуу же жөнөтүү үчүн паспортторду кургак чек арадагы жол контролдоо-өткөрүү пункттарына кирүү же текшерүү пункттарынын чегинен тышкары чыгуу үчүн Өкүлдөргө жана кызматкерлерге аккредитациялык карточканы берет.
2.2.3. Кыргыз Өкмөтү Корея Республикасына жүктөлгөн өзүнүн милдеттерин аткарышы үчүн туруктуу өкүлдөрдүн жана кызматкерлердин администрациялык жол-жоболордон өтүшүнө бардык керектүү шарттарды түзүп берет.
2.2.4. 2.2.1-пунктта белгиленген транспорт каражаттары, бардык эл аралык ташууларга карата эл аралык ташуучу аркылуу кол жүктү жана/же багажды, жеке пайдалануу, тиричилик буюмдарын жана керектөө товарларын бажы төлөмдөрүн төлөөнү кошкондо, салык салуу обьекти болушу керек, эгер алар кийин Кыргыз Республикасынын аймагында мындай салыктардан бошотуу укугуна ээ болбогон же мындай жеңилдиктерге ээ болбогон жактарга же уюмдарга сатылса же өткөрүп берилсе. Эгер жогоруда белгиленген жак өзүнүн милдеттери аяктаган соң, транспорттук каражатты алып кетүүнү кааласа, Кыргыз Республикасы бул маселе боюнча административдик жол-жоболордон өтүү үчүн бардык зарыл болгон шарттарды түзүп берет.
2.3. Эксперттер, волонтерлор жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү
2.3.1. Кыргыз Өкмөтү:
а) Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана туруктуу жашоочуларынан башка, эксперттерди жана волонтерлорду киреше салыгын кошкондо салыктардан жана Программаларды ишке ашыруу үчүн аларга чет мамлекеттен которула турган айлык акыга же суткалыкка салынуучу же алар менен байланыштуу ошол сыяктуу салык жыйымдарынан бошотот;
(б) эксперттерди жана волонтерлорду консулдук жыйымдардан, салыктардан, бажы алымдарынан жана жыйымдарынан, ошондой эле импортко лицензияны жана төмөнкүлөрдү ташып келүүгө карата валюталык чыгымдар боюнча тобокелдиктерди камсыздандырууга сертификаттарды сатып алуу милдетинен бошотот: (i) бардык эл аралык ташууларга карата эл аралык ташуучу аркылуу кол жүктү жана/же багажды; (ii) жеке пайдалануу, тиричилик буюмдарын жана керектөө товарларын; (iii) Кыргыз Республикасына 180 күндөн ашык мөөнөткө жиберилген экспертке бир транспорттук каражатты, транспорттук каражат чет өлкөдөн ташылып келгенде; (в) Кыргыз Республикасына эч бир транспорт каражатын импорттобогон, 6 же андан көп айды түзгөн мезгилде жиберилген эксперттерди Кыргыз Республикасынын аймагына алгач келгенден кийин 6 айдын ичинде экспертке бир транспорттук каражатты жеринде сатып алууга карата кошумча нарк салыгынан жана салыктык жыйымдардан бошотот; (г) эксперттерди жогорудагы (б) (i) жана (в) пунктчаларында белгиленген транспорт каражаттарын каттоо акысынан бошотот; (д) жогоруда аталган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык визаны тариздөө жана берүү, анын жарактуулук мөөнөтүн узартуу, жашап туруу укугун алуу жана каттоо жол-жобосу үчүн мамлекеттик алымдарды жана/же консулдук жыйымдарды төлөөдөн, иштөөгө уруксат алуу талаптарынан бошотот.
2.3.2. Кыргыз Өкмөтү төмөнкүдөй чараларды көрөт, эгерде башкасы белгиленбесе:
(а) эксперттер жана волонтерлор тарабынан милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү кеңсени жана башка ыңгайлуулуктарды түзүп берет, ошондой эле мындай кеңсени жана башка ыңгайлуулуктарды пайдалануу жана күтүү боюнча чыгымдарды өзүнө алат; (б) эксперттер жана волонтерлор үчүн жергиликтүү кызматкерлерди (зарыл болгондо тиешелүү котормочуларды кошо) берет, ошондой эле өнөктөштөрдү, алар өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп берет; (в) кабыл алуучу уюмдун финансылык жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары туура келсе эксперттер менен волонтерлордун чыгымдарын өзүнө алат, ал чыгымдар: (i) иштеген жерине күндө ташып баруу жана ташып келүү; (ii) Кыргыз Республикасынын аймагына алардын расмий келүүсүн; (iii) жашоосун. (г) медициналык персонал Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген медициналык лицензияны көрсөткөндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык программаны ишке ашыруучу оорукананы аныктайт.
2.3.3. Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында жеңилдиктери болбосо же мындай салыктардан бошотуу укугуна ээ болбосо, кийин сатылып, же жеке жактарга же уюмдарга өткөрүлүп бериле турган болсо, 2.3.1-пунктунда аталган транспорт каражаттары, бардык эл аралык ташууларга карата эл аралык ташуучу аркылуу кол жүгү жана/же багаж, жеке пайдалануу, тиричилик буюмдары жана керектөө товарлары бажы төлөмдөрүн кошкондо салык салынуу объекти болууга тийиш. Эгерде жогоруда аталган жак өз милдеттерин аткарып бүткөндөн кийин транспорт каражатын алып кеткиси келсе Кыргыз Республикасы бул маселе боюнча административдик жол-жоболордон өтүү үчүн бардык зарыл болгон шарттарды түзүп берет.
3-берене. Кепилдиктер жана коопсуздук
3.1. Ушул Кошумча макулдашуу менен каралган Кыргыз Республикасына келүүчү эксперттерге, волонтерлорго, өкүлдөргө жана KOICA кызматкерлерине жана алар менен кошо келүүчү үй-бүлөлөрүнө Ушул Кошумча макулдашуу күчүнө киргенге чейин башталган программадагы артыкчылыктар жана иммунитеттер, ушул Кошумча макулдашуу күчүнө киргенден кийин да колдонулат.
3.2. Кыргыз Өкмөтү Кыргыз Республикасында убактылуу болуучу персоналдардын коопсуздугун камсыз кылууга бардык зарыл чараларды көрөт.
3.3. Кыргыз Өкмөтү тараптардын ортосунда жүргүзүлгөн консультациялардан кийин мындай доо арыз жиберилген персонал тарабынан атайылап жасалганы же өтө олдоксон аракетинен улам пайда болгон учурлары аныкталган учурду кошпогондо, жиберилген персоналдарга өз милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон же өз милдеттерин аткаруу менен байланышкан каршы доо арыздарды өзүнө алат.
3.4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жиберилген персоналдарга алар өз милдетин аткаруудагы аларга тиешелүү тартиптер, жергиликтүү мыйзамдар жөнүндө маалымат берет.
4-берене. Талаштарды чечүү Ушул Кошумча макулдашууну чечмелөө жана ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда пайда болгон талаштар менен кайчы пикирлер сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет. 5-берене. Күчүнө кириши, колдонушун токтотуу жана өзгөртүү киргизүү
5.1. Ушул Кошумча макулдашуу Корея Өкмөтү Кыргыз Өкмөтүнөн ушул Кошумча макулдашуунун ишке кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо алган күндөн тарта күчүнө кирет.
5.2. Ушул Кошумча макулдашуу үч жылдын ичинде күчүндө болот жана автоматтык түрдө кийинки үч жылга узартылып турат жана Тараптардын бири экинчи Тараптан дипломатиялык каналдар аркылуу анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин ишин токтотот.
5.3. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Кошумча макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал Кошумча макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
АЙТЫЛГАНДЫ ЫРАСТАП, тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болгон төмөндө кол койгондор ушул Кошумча макулдашууга кол коюшту.
2019-жылдын "___" _______________ ___________________ шаарында кыргыз, орус, корей жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө пикир келишпестик пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ҮЧҮН
КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ҮЧҮН
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 375-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга…Распоряжение · 04.10.2019 · № 375-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 97-т (2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын…Распоряжение · 14.07.2021 · № 97-p
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.