# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 272-б (2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 272-б (2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 272-р
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16997/edition/961706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 272-б (2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө) буйругу (23.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217321

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 23-июлу № 272-б Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июлундагы № 323 буйругу менен түзүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимине ылайык:

1. 2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечими тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу үчүн 6000000 (алты миллион) сом бөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырууну уюштурсун.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме

2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын ЧЕЧИМИ 2018-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталсын жана сыйлансын: биринчи топтун арасынан:

- I орун 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Талас облусунун Манас районунун Май айыл өкмөтү;

- II орун 1000000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтү;

- III орун 500000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтү;

экинчи топтун арасынан:

- I орун 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтү;

- II орун 1000000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү;

- III орун 500000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтү.
