# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 273-б (Мамлекеттик сатып алуулар департаментине акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 273-б (Мамлекеттик сатып алуулар департаментине акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 273-р
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/217320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16996/edition/961704/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/217320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы № 273-б (Мамлекеттик сатып алуулар департаментине акча каражаттар бөлүп берүү жөнүндө) буйругу (23.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/217320

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 23-июлу № 273-б Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы №111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 88-беренесинии 1-пунктунун 7-пунктчасын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 1 7-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо программасынын алкагында долбоорлорду ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 88-беренесине ылайык, электрондук кол тамганы өз ара таанууну камсыздоо боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардан 6 224 000 (алты миллион эки жүз жыйырма төрт миң) сомду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментине бөлсүн;

2) «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
